Атамбаев азыркы бийликтин өзүм билемдиги токтобосо, Президентти кетирүү талабын коюшарын билдирди

Жаңылыктар

Экс-президент Атамбаев азыркы бийликтин өзүм билемдиги токтобосо, "Сооронбай, кет!" деп чыгарын айтты.

Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда, Бишкекте КСДП уюштурган митингде билдирди.

"Азыркы зөөкүрдүк, өзүм билемдик токтобосо, "Сооронбай, кет!" - деп чыгабыз. "Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол" деп талап коебуз" деди Атамбаев.

Ушул эле митингдеги сөзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовго жана бийликке сын-пикирин айткан.


ЖаңылыктарБишкекмитингкоррупцияАлмазбек АтамбаевСооронбай Жээнбеков