​Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдык талкууланды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн жүрүшү менен тааныштырды.

Талас шаарынын ипподромунда спорттук мелдештер жана «Манас-Ордо» улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулмакчы.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук оюндарды өткөрүүи жайларын реконструкциялоо жана Талас шаарындагы башка инфратүзүм объекттеринин абалы талкууланды. Мындан тышкары иш-чараны каржылоо маселеси каралды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты