​Экс-президент Атамбаев: “Райым-миллиондон” алаксытыш үчүн Батукаевди бошоткондорду камап жатышат”

  • 5 лет мурун

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июндагы, митингде азыркы бийликти сындап сүйлөдү.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев эки ай мурун митингден кийин бийлик чара көрөт десек, кайра тескерисинче болду деп билдирди.

Ошондой эле Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Дамир Мусакеевди жана Батукаевди бошоткондорду, анын ичинен мурдагы баш прокурор Аида Салянованы камаганын айтып өттү.

Атамбаев «Мени “Райым миллион” менен байланыштырып жатышат, аны бир гана жолу, 2010-жылы көргөм деди. Кубанычбек Кулматовду коррупция менен күрөшсүн деп Бажы кызматына алып келгем деди.

24 млн сомду Бажыдан накталай Сооронбай Жээнбеков алып чыккан деп билдирди. Шайлоо учурунда Райым миллионго Сооронбай Жээнбеков карыз болуп калганын айтты.

«Райым-миллиондон” алаксытыш үчүн Батукаевди бошоткондорду камап жатышканын билдирди Атамбаев.

УКМК улуттук коопсуздукка коркунуч келтирип жаткандыгын билдирди, Жээнбеков-Матраимовдордун кланынын кызыкчылыгын коргоп жатат деп айтты экс-президент.

УКМКны тезинен реформалаш керектигин белгиледи.

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте, Медиафорум имарататынын алдында КСДП уюштурган митинг болду.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты