«​АгроветАзия»: Адистер сиздерге кеңеш берет

Сиз айыл чарбачылыгы менен алектенсеңиз, анда жер иштетүүгө же мал жандыкты талаптагыдай кармоого «АгроветАзия» дүкѳнү жардамга келет.

Бишкектеги бул дүкѳн 2010-жылдан бери Кыргызстанды дары менен камсыздайт. Сатуучу Канат Жолдошов менен маек.

—Канат мырза, айтсаңыз, бул дүкѳндүн башкалардан ѳзгѳчѳлүгү эмнеде?

—Дүкѳнүбүздѳ ветеринардык, мал дартына каршы дары,химиялык заттар, үй жаныбарларына азык, топуракка керектүү ар кандай жер семирткич жана ѳсүмдүктѳрдүн уруктары сатылат.

Жерибиз жаратылышка бай, элибиз эмгекчил келет эмеспи. Ошентсе да, Кыргызстандын жерине витамин бериш керек .Мисалы: картошка жакшы ѳсүш үчүн, лабораторияда топуракты текшериш керек. Кѳбүнчѳ фосфор, азот, калий жетишпей калышы мүмкүн. Ал элементтин баары бизде бар, чѳнтѳккѳ туура келет.

“АгроветАзиянын” башкалардан болгон айырмачылгы сатуучунун баары жогорку билимдүү. Ѳзүм Жалал-Абад мамлекеттик университетинин агрардык факультетин бүткѳм. Үч киши иштейбиз, баарыбыз окуу жайды бүткөнбүз.

—Дары, азык, витаминди кайдан алып келесинер?

—Өкүнүчтүүсү [i]Кыргызстанда эч бир дары-дармек чыкпайт,баарын чет жерден алып келүүгѳ туура келет. Мисалы, ветериаринардык дарыны Кытайдан, Россиядан келишимдин негизиндеалынып келет.

—Ит, мышыктардын жугуштуу дартынын кантип алдыналса болот?

—Ээси жок ит, мышыктар толтура, алар албетте, ар кандай зыяндуу дартменен ылаңдап калышы ыктымал. Коомчулуктан суранаарым,кѳчѳдѳ жүргѳн жаныбарларга жакын жолобогула дейт элем. Мисалы итти алсак, ал 3 айылыгында чума дартына чалдыгышы мүмкүн, ага каршы вакцина сайыш керек.

Эхинококкоз дартына чалдыккан иттер да болот. Бул өтѳ жаман дарт. Андыктан ага каршы Азинокс+ дарысын сунуштайм.

Биз ар кандай зыяндуу заттар, келемиштер менен да күрѳшѳбүз.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөрү: Автордуку


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты