​Казакстан: БШК сурамжылоо жүргүзүү укугун мамлекеттик борборго гана берди

  • 5 лет мурун

Казакстанда “Жаштар” илимий-изилдөө борбору сурамжылоо жүргүзүп, өлкөнүн президенти КасымЖомарт Токаев шайлоочулар арасында популярлуу экенин жарыялады.

Көптөгөн укук коргоочулар жана активисттер бул жыйынтыктардын чындыкка дал келеринен күмөн санашууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы жалгыз ушул уюмга гана шайлоо алдында сурамжылоо жүргүзүүгө, экзит-полл өткөрүүгө укук берген.

“Жаштар” илимий изилдөө борбору алты жыл мурун алгачкы президент Нурсултан Назарбаевдин тапшырмасы менен түзүлгөн.

Анын негизги функциясы – жаштарга багытталган социалдык иликтөөлөрдү жүргүзүү.

Борбордун жетекчиси Талгат Калиев президенттик шайлоо алында сурамжылоо жүргүзгөнгө мамлекет эмес, кайсы бир коомдук уюм акча бөлгөнүн билдирди.

Борбордун божомолу боюнча президент Токаев саясий жарышта алдыда келе жатат. Анын артында Амиржан Косанов, андан соң калган беш талапкер жайгашкан. Сурамжылоого Казакстандын бардык аймактарынан 7000дей киши катышкан.

Бул арада Казакстанда өз алдынча иликтөө жүргүзгөндөр айып пулга жыгылды. Алардын арасында эл аралык Transparency Kazakhstan коомунун башчысы Марат Шибутов да бар.

Онлайн-сурамжылоо жүргүзгөнү үчүн сот ага 100 доллар айыппул салган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты