«Туйгуналы Абдраимов кетсин!» деп кол чогултула баштады (Видео)

Социалдык түйүндөрдө Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимовдун кызматтан бошотулушун талап кылып «Кетсин!» деп кол чогултула баштады.

Журналисттер Туйгуналы Абдраимовдун кабинетине бүгүн барышканда, алардын алдына чыккан жок.

Кечээ, 5-июнда, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылында болуп өткөн мушташ боюнча журналисттерддин бири суроо бергенде, Туйгуналы Абдраимов жооп бербей, «Ала-Тоо 24» каналына гана жооп берип жатам» деген.

Журналист губернатордун жооп бербеген себебин сураганда «Кебетеңиз жакпайт, өтө жагымсыз экен» деп күлүп басып кеткен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты