​Кайгуул милициясына унаа, электрошокер ж.б. атайын техника сатып алууга 197 млн сом каралууда

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Бишкек шаардык Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгын түзүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгы учурдагы Кайгуул-посттук кызматынын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын ордуна түзүлөт.

2019-жылдын 6-майынан 6-июнга чейин жаңы түзүлүп жаткан Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгына кызматкер тандоо боюнча ачык сынак өткөрүлүүдө.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев тандоо сынагы тууралуу маалымат берди.

«Пилоттук долбоор боюнча материалдык-техникалык базасын чыңдоого, анын ичинде жеңил унаа, электрошокер, борттук компьютер жана башка атайын каражаттарды сатып алууга, ошондой эле атайын кийим менен камсыздоого 197 млн сом бөлүү болжолдонууда», – деди министрдин орун басары.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты