ИИМ: «Орокто өспүрүмдөр мушташкан, улуттар аралык жаңжал эмес»

  • 5 лет мурун

Бүгүн Сокулук районунун Орок айылында болгон мушташты Ички иштер министрлиги улуттар аралык жаңжал эмес, өспүрүм балдардын бейбаштыгынан келип чыккан мушташ деп билдирди.

Окуя болгон жерде ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана анын орун басары барып, абалды көзөмөлгө алышты.

5- июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Орок айылында жаш балдар арасында мушташ болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Сокулук райондук милиция кызматкерлери барып маалыматты тактап, иликтөө иш- чараларын жүргүзүштү.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 5-июнда эртең менен Орок айылында жергиликтүү үч өспүрүм мушташып кеткени аныкталган.

2003-жылы туулган эки өспүрүм жаракат алгандыгынан улам Бишкек шаарындагы бейтапканага жаткырылган.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан белгиленгендей, учурда ооруканада дарыланып жаткандардын абалы туруктуу жана тиешелүү медициналык жардам алууда.
Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталып. Кылмыш-Жаза кодексинин 266-беренеси, бейбаштык боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тийиштүү экспертиза дайындалды.
Бейбаштыкка шектүү катары 23-жаштагы А.К. жана 15-жаштагы А.А. кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда аталган фактылар боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Орок айылында болгон абалды жөнгө салыш үчүн милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, патруль уюштурулду. Азыркы кезде аталган айылда абал туруктуу деп билдирди Ички иштер министрлиги.

Ал эми жергиликтүү тургундар бул окуяны улуттар аралык жаңжал катары сыпаттап жатат.

Жаңы-Жерде да эл чогулган

Ушул эле күнү Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да жергиликтүү тургундар Орок айылындагы окуяга байланыштуу чогулганы айтылган.

Жаңы-Жерге Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов барган.

Айыл өкмөтү чогулгандар тарап кетти, алардын Ороктогу окуяга байланышы жок экендигин айтты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты