Аида Салянова камакта калтырылды
- 5 лет мурун
Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-башпрокурор Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, 26-июнга чейин камакта калтырды.
Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган.
Батукаев 2013-жылдын апрелинде рак дартына чалдыкты деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады.
Батукаевдин бошотулушу боюнча онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаевада шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңеш депутаты Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.
Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.