​Айт маарек болсун!

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды орозо айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоону Бишкек шаарынын Эски аянтындагы айт намазда бүгүн, 5-июнда, Президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

“Сиздерди жан дүйнөнү аруулантууну, ынтымакты жана мээримдүүлүктү тартуулаган орозо айт майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айында жакшы ниет, аруу тилектер айтылып, соопчулук иштер жасалды.

Жан дүйнөбүз тазаланып, адал аракеттер арбын болуп, адамдар бири-бирине жакшылык тартуулады.

Касиеттүү орозо айт — дүйнөдөгү бардык мусулмандардын ыйык майрамы.

Бул күн руханий тазалыкты жана аруу ниетти, мээримдүүлүктү жана соопчулукту даңазалайт.

Кыргызстандын аймагында түрдүү этнос, маданият, дин өкүлдөрү байырлашат.

Биз баарыбыз ынтымакта жанаша жашап келе жаткан, бири-бирибизге тирек болгон тагдырлаш, тилектеш бир эл, бир журтпуз” деди мамлекет башчы куттуктоосунда.

Орозо айтыңыздар маарек болсун!

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты