​Искендер Матраимов “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттык» үналгысындагы Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор тууралуу иликтөөсү боюнча түшүндүрмө берди. Аягында Президент Сооронбай Жээнбеков иниси Райым Матраимовдун мүлкүн иликтөөдө шарт түзүп берет деп үмүттөнгөнүн билдирди.

Искендер Матраимовдун түшүндүрмөсү Жогорку Кеңештин сайтында жайгаштырылды.

Искендер Матраимов “Азаттык” радиосу материалында Матраимовдордун үй-бүлөсүн Кыргызстандан $700 млн. чыгарып кетүүгө эч кандай далилдерсиз айыптаган деди:

«Менин иним Руслан Матраимовду, карындашым Чынара Матраимованы тастыкталбаган маалыматтарга жана анонимдүү булактарга таянышып, алар жасабаган иштер үчүн айыпташкан” деп билдирди.

Иликтөөдө айтылган чет өлкөлүк Саймаити менен да, Бумаилиамуну менен да байланышы жок экенин айтты:

«Матраимовдордун Саймаити менен да, Бумаилиамуну менен да эч кандай байланыштары же алака-катнаштары жок. Буга ылайык, «Азаттыктын» маалыматтары боюнча чет өлкөгө которулган $ 250 млн. долларга да биздин эч кандай тиешебиз жок» деди депутат Матраимов.

Депутат атасынын атындагы фондго акча кайыр-садага катары келип турганын тастыктады:

«Вуфули Бумаилиамунудан «Азаттык» жар салгандай дегеле $2,3 млн. доллар эмес, $200 миӊ долларга чукул өлчөмдөгү сумма келип түшкөнүн билдиребиз. Бирок, Бумаилиамуну бул акчалардын ээси болуп саналбайт. Бул акчалай каражаттарды кайыр-садака кылган адам бизге, алар сумманы фондго ортомчулук кызмат көрсөтүүлөр аркылуу которушканын кабарлады.

Атап айтканда, ким акчаларды кайыр-садака кылганын угузуу үчүн, биз аларды жөнөткөн адамдын макулдугун алуубуз керек. Бизди каралоону токтотуу максатында, андан чукул арада ал өзү эл алдында ал каражаттарды кандай муктаждыктарга кайыр-садака кылганын тастыктоосун сурандым» деди депутат Матраимов.

Искендер Матраимовдун байлыгы

Искендер Матраимов ошондой эле үй-бүлөсүнүн мүлкү тууралуу билдирди:

«Менин, менин аялымдын “АКА Петролиумдун” ээлери менен эч кандай алакаларыбыз жок. Ал 2017-жылдан баштап “Автостолица” компаниясынын жарымына гана ээлик кылат. Бул маалыматтар салык декларациясындагы «Акциялар» бөлүмүндө чагылтылган.

Компаниянын башка жарымы Канат Маматовго таандык, ал менин жубайыма бизнес боюнча өнөктөш болууну сунуш кылган. Аялым “АКА Петролиумдун” уюштуруучулары менен тааныш эмес.

Менин жубайым 1995-жылдан бери бизнес менен алектенет. Андан тышкары, биздин эже-карындаштарыбыз жана кичүү инибиз Руслан Матраимов да бизнес менен алектенет.

Мындан сырткары, Руслан “Ысмаил Ата” фондунун ишмердүүлүгү менен алектенет. Кандайдыр бир анонимдүү булактардын айыптоолору турмуш чындыгына шайкеш келбейт. Чынара жана Руслан Матраимовдор бажыкана иштерине азыр дагы кийлигишпейт, Раимбек Матраимов МБКда иштеп турган мезгилде дагы кийлигишкен эмес.

Ошто турак-жай комплекси курулуп жаткан жер тилкеси бизге таандык. Менин бир туугандарым “Ихлас” компаниясы менен үлүштүк курулушка катышуу чечимин кабыл алышкан. Компания акча каражаттарын өзү тартат жана комплексти куруп жатат. Бул курулуш компаниясына биздин тиешебиз жок» деди депутат Матраимов.

«Биздин үй-бүлөбүздүн кандайдыр бир капиталы бар, аны биз көптөгөн жылдар бою чогултканбыз. Биздин атабыз Ысмаил Кара-Суу районунда мал чарбачылыгы менен эмгектенген. Ошонун негизинде биз 25 жылдын ичинде бир нече бизнес түзүүгө жетишкенбиз. «Азаттык» менин иним Раимдин Оштогу үйүн көрсөттү. Ал бул үйдү катардагы инспектор кезинде 2003-жылы сатып алган. Ошондон бери ал өзүнө эки кабаттуу үй курду, ал Оштогу ушул өӊдүү миӊдеген үйлөрдүн бири болуп саналат» деп түшүндүрмө берди ал.

Акырында Президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурады:

«Мен азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менин инимдин мүлкүн объективдүү жана ар тараптуу изилдөө үчүн бардык шарттарды түзүп берерине жана азыркы саясий жагдай укук коргоо органдарынын чечим кабыл алуусуна таасир кылбай турганына абдан үмүттөнөм» деди Искендер Матраимов.

«Азаттык» радиосу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө бир нече жыл аралыгында Кыргызстандан кеминде 250 миллион доллар чыгарылып кеткенин көрсөткөң.

Бир тууган Матраимовдор өз дарегине айтылгандарды четке кагып келет. 13-майда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов видеокайрылуу таратып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарган. Анда Матраимов өзүнө жетиштүү байлыгы бар экенин жана мыйзамсыз иштерге барбаганын айткан.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерилип бүтүп калганын маалымдаган.

Ишти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгы реестрге 323-берене («Мыйзамсыз баюу») менен каттаган.

Ушул аптанын башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишти тергеп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бакир Таировго Матраимовдун мүлкүн текшерүү ишин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырган.

Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты