Өкмөт башчы контрабанда тыйылбаса, жетекчилер кызматтан кетерин эскертти

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга контрабанда продукцияларды ташууга жол бербөө боюнча чара көрүүнү тапшырды.

«Аткезчилик продукцияны жана товарларды ташуудан биздин мыйзам сактап иштеген ишкерлерибиз зыян тартып жатышат, республикалык бюджетке бир кыйла акча каражаттарынын түшпөй калуусу байкалууда. Ошону менен бирге, бул ишке жооптуу айрым бир мамлекеттик органдар республикага аткезчилик ташууларды жоюу боюнча жетиштүү чараларды көрбөстөн, ачык эле «уктап жатышат» деди ал.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилери бул маселе боюнча жагдайды жөнгө салуу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

«Эгерде кыска мөөнөттүн ичинде өлкөгө аткезчилик продукцияларын ташуу боюнча кырдаал жөнгө салынбаса, жооптуу адамдарга, анын ичинде тескөөчү вице-премьер-министрдин кызматына ылайык келүүсүн карап көргөнгө чейин тартиптик мүнөздөгү чаралар көрүлөт.

Аткезчилик жүктөр темир жол аркылуу келет деген да маалымат бар. Ошондуктан бул фактылар ырасталса, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилиги да жеке жоопкерчилик тартат», – деди Абылгазиев кеңешиеде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты