​Суу колдонуучулар ассоциациясына атайын техника тапшырылды

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев суу колдонуучулар ассоциацияларына «Белорус 82.1» тракторунун базасындагы «Амкодор 702ЕВ» экскаватор-бульдозерин тапшыруу салтанатына катышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди .

Атайын техника Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосунда «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун гранттык каражаттарынын эсебинен сатып алынды.

«Бүгүн маанилүү күн – 63,2 миң гектар жерди камтыган 30 суу колдонуучулар ассоциациясы атайын техника алып жатышат. Бул жер-жерлерде ирригациялык курулуштардын ишин жакшыртат» деди Премьер-министр .

Айта кетсек, бир экскаватордун баасы—2 178 400 сом. Сатып алынган техниканын жалпы баасы— 65 млн 352 миң сом.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты