Эртең орозо айт майрамдалат
- 5 лет мурун
Мурда айтылгандай эле, айт майрамы эртең, 5-июнда белгиленет.
Бүгүн болсо айбашы, орозо айтка даярдануу күнү.
Бишкекте, эски аянтта айт намазы саат 7:30 да башталат. Мурдагыдан айырмаланып, айт намазы борбор шаарда гана болот.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушев орозо айтка байланыштуу талаштан улам элге кайрылуу жасады.
4-июнда таратылган видокайрылууда ал Сауд Арабиядан башка жерлерде айт бир күндө болорун айтты:
«Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Жапония, Дагестан, Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу мамлекеттерде 5-июнда айт майрамы белгиленет.
4-июнь орозонун акыркы күнү. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жоопкерчиликти мойнуна алат» деди ал.
Ал эми Чубак ажы болсо, Сауд Арбиясындагыдай бүгүн, 4-июнда, орозо деп айтууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан.