​Роза Отунбаеванын фонду аялдар форумун өткөрүп жатат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-июнда, «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду аялдар форумунун ишин баштады.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 52% ын аялдар түзөт жана алардын жогорку интеллектуалдык дарамети чоң. Бирок ошол эле кезде аялдар негизинен базарда, социалдык жана гуманитардык тармакта, аз айлык төлөнгөн жерлерде иштеп келишет.

Кийинки он жылдыкта маалыматтык технология кулачын жайып, жаңы кесиптер пайда болууда, алар математика, физика жана башка так илимдер боюнча билимди талап кылууда.

Тилекке каршы ал тармактарда иштеген аялдардын саны аз. Мына ушуга байланыштуу STEM (S – science,T — technology, E — engineering и M – mathematic) программасы пайда болду.

STEM жаатында Кыргызстанда Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Розалия Жээнчороева, химия илиминин докторлору Шарипа Жоробекова менен Минира Баткибекова, КР эмгек сиңирген энергетиги Дарияхан Мукашева, дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу Асел Сартбаеваны ж.б. атап кетсек болот.

Андай окумуштуулар тууралуу «Кыргызстандын илимдеги жана техникадагы айымдары» аттуу китеп жазылды. Бүгүнкү форум учурунда ал китеп презентацияланат.

Форумга экс –президент Роза Отунбаева, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу, кыргыздын окумуштуулары, көрүнүктүү айымдары катышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты