Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-июнда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Аида Салянованын баш коргоо чарасы каралат.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн кандайча бошотулганы тууралуу Ички иштер министрлигинде сурак бергенден кийин 48 саатка кармалган. Салянова суракка 3-июнда түшкү саат үчтө чакырылган.

Дүйшөмбүнүн кечинде ИИМдин алдында Салянованын кыркка жакын тууганы, Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко жана эркин депутат Жанар Акаев келишкен.

Суракта Салянованы мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен беттештиришкен.

Буга чейин Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткен соң гана билгенин айткан болчу.

2013-жылы убактылуу депутаттык комиссия кримтөбөл Батукаевди мыйзамсыз эркиндикке чыгаруу мамлекеттик бийликтин беделине көлөкө түшүргөнү тууралуу тыянак чыгарып, ага катышы бар катары 28 кызмат адамынын тизмесин жарыялаган.

Анын натыйжасында айрым жогорку кызмат адамдары ээлеген орундарынын бошотулса, айрымдары кызматынан көтөрүлгөн.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде рак дартына чалдыкты деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады.

Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев сурак берүүдө. Анын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагына чыгарылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты