​Тыюу салынганына карабай өткөн митинг

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-июнда, Бишкекте «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн!» деп аталган тынч митингт өттү. Бирок, Бишкектин Биринчи май райондук соту алдыда боло турган Шанхай кызматташтык Уюмунун саммитине байланыштуу акцияны Жогорку Кеңештин алдында эмес, Горький гүлбагына өткөрүүнү сунуш кылган.

Ага карабастан митингдин уюштуруучусу, активист Рита Карасартова бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин алдына чыкты.

Ал журналисттерге иш-чарага эмне себептен катышуучулар келбей калганы тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, бийлик өкүлдөрү «борбордук аянтта митинг өткөрүүгө болбойт» деп расмий түрдө кабарлашкан. Ага карабай, айрым укук коргоочулар, активисттер белгиленген жерге барып, коррупция менен күрөшүүгө жана УКМКны реформалоого чакырган кол топтоп, аны Президентке жөнөтмөй болушкан:

—Митинг өткөрүүгө тыюу салышса дагы бүгүн кайрылууга кол коюп, Президентке жөнөтөлү деп жатабыз. Анткени, мамлекеттик органдардагы коррупцияга башланыштууу арыздар аябай эле көп. Негизги талаптарыбыз төмөндөгүдөй:

1.Антикоррупциялык комитет УКМКнын курамынан алынышы керек;

2. Кызматтык кылмыш боюнча тергөө УКМКда болбошу керек жана комитет түзүлүшу керек;

3. Соттук процесстер ачык болсун;

4. Коррупция менен курөш системалуу болушу керек.

Карасартова коррупцияга каршы күрөш натыйжа бериши үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМКны) реформалоого Президентти чакырып жатат.

Буга чейин ал «Президенттен УКМКны реформалоону талап кылабыз!» деген аталышта онлайн кол топтой баштаган. Петицияда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматын анын карамагынан чыгаруу, мекемеден тергөө функциясын алып салуу жөнүндө демилгелер бар.

Мындан сырткары Ак уйдун алдына мамлекеттик органдардагы коррупциядан жабыркаган жарандар дагы келип, нааразычылыгын билдиришти.

Алардын бири «Кыргыз Темир жолунун» кызматкери Рахат Акматова жаңы бухгалтер келгенден кийин башкалардын айлыгы көбөйө баштаганын билдирди:

Мен 2018-жылы 11-декабрда жаңы келген баш бухгалтердин ишмердүүлугунө ишенбөөчүлүк көргөзүп финполго арыз жазгам. Айлыктарга байланыштуу күмөн санаткан иштерди өзум көруп, анан жазгам. 2018-жылга чейин отпуск, айлыгым 18 миңге чейин болчу. Жумушчулардын баарыныкы ошондой эле болчу. Анан жаңы бухгалтер келгенден баштап эле башкалар 30-35 миң сомдон ала баштады. Ошондо күмөн санап кайрылгам,-деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты