​Ишкер Байбагыш Назарбаев: “Сүйлөшкөн кызыма чак бут кийим табылбай, ошондон улам ишкана ачканбыз”

Байбагыш Назарбаев 2016-жылдын декабрь айында «Cobbler» брендиндеги бут кийим ишканасын досу Үмед Нарзикулов менен чогуу ачкан. Ал бизге бут кийим өндүрүшү тууралуу айтып берди.

Ишиңиздин башталышы жѳнүндѳ айтсаңыз?

Идеянын келиши кызыктуу болду. Сүйлѳшкѳн кызым Раушандын бутуна чак “балетка” табылбай, кыйналдык. Шаардагы дүкѳн, базарлардын баарын кыдырып, таппай койдук. Акырында Юра аттуу бут кийим тиккен киши каалагандай бут кийимди тез эле тигип берди.

Ал киши менен таанышып, сапаттуу бут кийим жасап сатууну чечтик. Юра азыр да биз менен иштешет.

— Бут кийимдин жасалуу ыкмасы кандай, ага керектүү жабдыктарды кайдан аласыздар?

​Ишкер Байбагыш Назарбаев: “Сүйлөшкөн кызыма чак бут кийим табылбай, ошондон улам ишкана ачканбыз”

—Башында эркектердин гана бут кийимин тикчүбүз. Азыр кыз-келиндердикин да, кур, кол саатка илмек жасайбыз.

Керектүү материалдарды Рязан булгаары заводунан алып келебиз.Бут кийимдин таманы, такасы Украинадан келет.

Кышында ичине түк салынат, ал түктү кыргыз балдар койдун терисинен жасайт.

Терини иштетип чыгуунун да ѳзүнчѳ жолу бар.

—Бир жуп бут кийимди жасоого канча убакыт кетет?

—Алты саатта деле жасап бүтсѳ болот, бирок ал жасалгандан кийин бир күн ордунан козголбошу шарт.

Бизде 7 киши иштейт. Бут кийим жасаган цехибиз, дүкѳнүбүз бар.

Ишти жаңы баштаганда башка дүкѳнгѳ бир-экиден коюп саттык, кийинчерээк дүкѳн ачтык.

Сиздер чыгарган бут кийим сапаттуубу? Канча мөөнөт кийсе болот?

— Булгаарыдан тигилген, ыңгайлуу жана сапаттуу деп айта алам. Иш тажрыйбасы отуз жыл болгондор иштейт.

Алты айга кепилдик беребиз, эгер бир жери туура эмес болсо, кайра жасап беребиз.Биздин бут кийимди 3 жылдан кем эмес кийсе болот.

—Экспортко чыгабы?

—Шаар ичинде эле иштеп жатабыз, экспортко чыга элек. Жакын арада башка шаарларга да филиал ачалы деп жатабыз.

Айгүл Молдоканова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты