​Сот Кулматовго акыры кылмыш иши менен таанышууга уруксат берди

  • 5 лет мурун

Сот Кулматовго акыры кылмыш иши менен таанышууга уруксат берди

Бүгүн, 31-майда, Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот процесси болду.

Адвокат Сергей Слесарев Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши менен толук таанышып чыга электигин билдирди.

Талаш-тартыштан кийин акыры маселе оң жагына чечилди.

Сот Кубанычбек Касымбеков өтүнүчтү канаттандырып, Кулматовго кылмыш иши менен толук таанышып чыгууга уруксат берди.

Ленин райондук сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов баштаган 14 кишиге коррупция боюнча айып тагылууда.

Тергөө версиясы боюнча “Калыс ордо” мектебин курууда жалпы суммасы 12 миллион 160 миң 641 сомго курулуш иштеринин көлөмү көбөйтүлгөнү айтылууда.

Ибраимов ошондой эле “Дастан” компаниясында коррупциялык иш жана жер сатуу боюнча айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты