​Абылгазиев «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү фактыларды текшерүүнү тапшырды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнү тапшырды.

Бул тууралуу ал «КТ Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы кызматы, Финансылык чалгындоо кызматы жана Улуттук банк менен бирге «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнү тапшырды.

Премьер-министр эске салгандай, кечээ жакында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүнү тездетүү жана коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүү тууралуу айткан.

«Азаттык» радиосу Кыргызстандан чыгарылып кеткен кеминде 250 миллион доллар тууралуу жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандарынын кыңыр иштери, алардын атасынын атындагы фондго чет мамлекеттерден келип турган ири суммадагы каражаттар тууралуу иликтөө жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты