​УКМК: Милиция кызматкерлеринен турган кылмыштуу топ кармалды

  • 5 лет мурун

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети 30-майда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан түзүлгөн кылмыштуу топтун резонанстуу кылмышынын алдын- алды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымат берди.

12 калибрдеги кесилген мылтык жана ок-дары жана жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Чүй облусунун Москва райондук ИИБ криминалдык милиция кызматкери, лейтенант К.К. жана Бишкек шаарынан Чүй облусунун криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, подполковник К.Р. кармалды.

Кармоо учурунда К.К ВАЗ 2107 маркасындагы автоунаасы менен кылмыш болгон жерден качууга аракеттенип, кармап жаткан топтун автоунаасы менен сүзүшүп алган.

Кылмыштуу топтун уюштуруучусу К.Р. болуп, калк керектөөчү товарларды дүңүнөн жана чекен саткан жеке ишкерлер менен коңшу мамлекеттерден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын (болжол менен 5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө) контрабандалык жол менен ташыган тараптарга кол салууну болжоп жаткан.

Материалдар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталды.

Кармалгандар КР УКМК убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө жүрүп жаткандыгы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты