​Мигранттыктан тажап, өз бизнесин ачкан Төлөгөн (Видео)

Төлөгөн Жамангулов Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында жети жыл мигрант болуп иштеген.

Кыргызстанга келгенден кийин ал жеке ишин баштап, алгачкы ийгиликтерди багынтып отурат. Ал буюртма алып, эмерек жасайт. Бизге берген маегинде бул жолго кантип келгенин айтып берди.

Алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз

— Мен өзүм Бишкек шаарында төрөлүп, өскөм. Мектепти аяктагандан кийин финансылык техникумда окудум. Андан кийин Кыргыз улуттук университетин бүтүп, банкир кесибине ээ болдум.

Окуу жайды аяктагандан кийин банкка жумушка кирдим. Бул тармакта бир жылдай иштедим.

Жумуш жаккан жок. Айлыгы дагы аз болчу. Эч нерсеге жетчү эмес. Ал жактан чыккандан кийин башка жумуш издеп таппагандыктан 2011-жылы Сауд Аравиясына кеттим. Кыргызстанга келип-кетип иштеп жүрүп, 2018-жылы биротоло келдим.

Чет өлкөдө иштеген чындыгында оңой эмес. Өзүңдүн эл-жериң болбогондон кийин канча жыл жашасаң деле көнбөйсүң. Жумуш дагы оорэле, болгону бизге салыштырмалуу айлыгы жакшы болчу.

​Мигранттыктан тажап, өз бизнесин ачкан Төлөгөн (Видео)

— Сиз кайдан иштеп келдиңиз?

— Мен Абу-Даби шаарында иштедим. Биринчи жолу, 2011-жылы барганда англис тилин жакшы билчү эмесмин. Мектепте деле жакшы окубагандыктан, кетээрдин алдында эле үч ай курска барып, бир аз тил үйрөнүп алып баргам.

Он алты бала чогуу бардык, алардын арасында англисче сүйлөгөн бир бала бар болчу. Ал англис тил мугалими экен. Ошону менен сүйлөшүп атып, менин да англис тилим жакшырды. Бирок, башында тил жагынан аябай оор болду.

Алгач кейтеринг компаниясында официант болуп бир жылдай иштедим. Жумуш аябай оор болчу. Чөлгө чыгып, 18 сааттан иштечүбүз. Аябай кыйналып анан баарыбыз тең эле ал жактан чыгып кеттик.

Андан кийин отелдерде официант болуп иштедим. Ошентип жүрүп бир мунайзат компаниясына өтүп калдым. Ал жакта жумуш аябай жакшы болчу, көп иштедим.

Андан кеткенден кийин аралдарды салган компанияга чакырып калышты. Кыскача айтканда, жети жыл ичинде көп эле жумуш ордун алмаштырдым.

— Жеке ишинизди кантип баштап калдыныз?

— Кыргызстанга келгенден кийин жумуш издеп, тапкан жокмун. Жумушчулар керек деген жерлерге барсам эле, ошол тармакта тажрыйбасы барларды алабыз деген талаптар көп болчу.

Ошентип жумуш издеп жүргөндө карындашым “Мигрант ишкер” деген курс жөнүндө айтып калды. Ошо курстан бирөөгө жалданып иштебей, “Чет өлкөгө кетпей өзүңөр ишиңерди баштап көргүлө” деп айтышты.

Өзүбүздүн хобби, максаттарыбызды сурап, анан “Негизи эмне кылганды жакшы көрөсүңөр?” деп сурап калышты. Мен кичинекей кезимден эле жыгачка кызыгам. Үйгө керектүү буюмдарды жасап жүрчүмүн. Ошол жөнүндө айтсам, жасап көрүңүз дешти.

Башында ишенген деле жокмун. Оюн сыяктуу эле көрчүмүн. Жумуштан келгенде эс алганда жасап калчумун да. Анан бирди жасадым, экини жасадым. “Сен ушундай уста турбайсыңбы. Биз дагы буюртма берели дедик эле” деп адамдар чала башташты. Анан акча дагы келе баштаганда бул ишке олуттуу мамиле жасап калдым.

​Мигранттыктан тажап, өз бизнесин ачкан Төлөгөн (Видео)

— Жеке ишинизди баштоодо кандай кыйынчылыктар болду?
— Чындыгында иштей баштаганыма эки гана ай болду. Азырынча аябай деле чоң кыйынчылыктар боло элек.Баштап кетүү деле оор болгон жок. Анткени, мен бул иш менен кичине кезимден бери алектенип келем.

Анын үстүнө азыр интернетте баары бар да. Ошол жактан видеодон көрүп деле үйрөнүп алса болот. Капитал жагынан деле кыйналган жокмун. Колдогу болгон жабдуулар менен эле баштап кеттим.

— Жалгыз эле иштеп жатасызбы?

— Азырынча жалгыз эле жасап жатам. Күндөн-күнгө буюртмалар көбөйүп жаткандыктан жетишпей кыйнала баштадым. Ошондуктан, азыр жалдаганга бул тармакты билген балдарды издеп жатам. Анткени, билбеген кишини канча үйрөткөндө деле алып кете албайт экен. Инилеримди иштетип көрдүм, болгон жок.

— Ата-энеңиз, жакындарыңыз кандай кабыл алышты? Каршы болушкан жокпу?
— Биздин үй-бүлөдө эмне баштаба, баарын колдоп беришет. “Өзүн жакшы көргөн ишиң болсо болду” деп апам сүйүндү. Атам болсо “Ойноп бүткөндө айтып кой” деп күлүп койду.

Анан колума алгачкы каражатты алганда атам унчукпай калды.

​Мигранттыктан тажап, өз бизнесин ачкан Төлөгөн (Видео)

— Кыргызстанда жеке иш баштоо оорбу?
— Суроо-талап болуп турса оор деле эмес. Мисалы, эмерек жасаган башка чоң компанияларга буюртма берүү үчүн бир нече ай мурун кезекке туруу керек экен.

Ошондуктан, мен 2-3 жумада жасасам таң калышат. Бул рынокто суроо талап көп, бирок, тез жана сапаттуу сунуштагандар аз экен. Азыр август айынын ортосуна чейин буюртмаларым бар.

— Башка өлкөдөгү чоң компания жакшы айлык сунуштап, жумушка чакырса жеке ишинизди таштап кетет белениз?
— Аны айта албайм. Анткени, келечекте эмне болуп кетерин билбейбиз да. Бирок, жарым жыл мурун эле Кыргызстанда калбайм деген ойдо болчумун. Мени негизи АКШга чакырып жатышкан.

Ал үчүн Кыргызстанга келип, виза алып анан кетмекмин. Ошол визаны күтүп жаткан мезгилде курстарга барып калып, өз ишимди баштап калдым. Жарым жыл мурун бирөө “Кыргызстанда эле каласың” десе күлмөкмүн. Ошондуктан, алдыда эмне болуп кетерин айта албайм. Бирок, ишим гүлдөп, Кыргызстанда эле каларыма ишенем.

— Келечекке болгон пландарыңыз кандай?
— Пландарым көп. Короо жайымды иреттеп, өзүмө иштей турган цех салып, чоңураак фабрика ачып, көбүрөөк киши жалдап, жумуш ордун түзүп берсем деген ойлорум бар.

— Өз ишин баштайын деп жүргөн жаштарга кандай кенеш бере аласыз?
— Эң негизгиси ойлонбой эле башташ керек экен. Баштасаң эле болду, анан ойлонуп, келген көйгөйлөрдү чече башташ керек.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты