Жанар Акаев: «Акырында «КТ Мобайл» чуусун Акылбек Жамангуловго оодара салуу аракети болуп жатат»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 31-майдагы, «КТ Мобайл» маселеси боюнча парламенттик комиссиянын отурумунда депутат Жанар Акаев комиссия ишин жакшы баштап, аягында Премьер-министрге жагалданып, күнөөнүн баарын Акылбек Жамангуловго оодара салуу аракети болуп жаткандыгын билдирди.

Курманкул Зулушев Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге суроо бергенде, ал бажасы Иманкадыр Рысалиевдин «Ачык өкмөт» долбоорунун катчылыгында иштегенин, бажасынын уулу Эрназар Иманкадыр уулунун «КТ Мобайл» компаниясында иштегенин билбегенин айтты.

Депутат Жанарбек Акаев бул комиссия ишин катуу баштап, акырында күнөөнүн баарын «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловго оодара салуу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирди.

Журналисттерге эмнени жазып, эмнени коюу, депутаттарга эмнени айтуу тапшырмасы берилбеши керектигин айтты.

Ошондой эле Премьерге жагалданууну каалагандар анын үйүнүн дарегин алып, ошол жактан ызатын көрсөтө берсе болорун, бул Түндүк Кореянын ыкмасы экендигин кошумчалай кетти.

Парламент Бакиевдин «Ак жолунун» жолуна түшүп баратат деп Жанар Акаев сындады.

Мирлан Жээнчороев «КТ Мобайл» маселеси чарба маселеси эмес, кеп айлыкта эмес экенин, мында «куданды, бажаңды кызматка алба, коррупцияга жол бербе» деген жыйынтык болушу керектигин билдирди.

«КТ Мобайл» компаниясынын иши боюнча коомчулук чоң маселе көтөруп чыккан. Натыйжада Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу, “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басарлыгы кызматынан, «КТ Мобайл» баш директору Нурбек Мукамбетов, “Ачык Өкмөт” секретариатынын жетекчилигинен Иманкадыр Рысалиев ж.б. отставкага кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты