​Түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык иш Ленин райсотуна өткөрүлдү

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Бишкек мэриясынын ритуалдык кызмат көрсөтүү борборунун кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин Ленин райондук сотуна өткөрүп берди.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө ритуалдык кызмат көрсөтүү борборунун тиешелүү кызматкерлери 2014-жылы жана 2015-жылдын беш айында көрүстөн үчүн акчаны эч кандай документи жок алып жана кассага төкпөй, сөөк койдурууга уруксат берип турганы аныкталды.

Ошондой жол менен 200 бейит пайда болгон жана мамлекетке 1 млн го жакын сом түшпөй калганын аныктады.

25-февралда ритуалдык кызмат көрсөтүү ишканасынын мурдагы директору К.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси менен, мурдагы кайтаруучу М.К., 320 жана 173-берене менен, мурдагы бригадир А.Ф. , мурдагы бригадир А.А. га айып тагылган.

Булар кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы, элдин муң-зарынан пайда тапкандыгы жана коррупциялык көрүнүштөр боюнча айыпталып жатат.

Кылмыш иши Ленин райондук сотуна берилди.

Сурөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты