Кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт

  • 5 лет мурун

КР Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги 11-июнда кыргыз-кытай бизнес форумун өткөрөт.

Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул иш-чара Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары алдында, эки өлкөнүн экономикалык байланышын чыңдоо, ишкерлерге кызматташууга шарт түзүү, инвестиция тартуу максатында уюштурулуп жатат.

Мында энергетика, айыл чарба, маалыматтык технология жана өнөр жай ж.б. тармактар боюнча компаниялар өз ишмердүүлүгү тууралуу презентация өткөрүүгө да шарт түзүлмөкчү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты