​Момбеков: «Бажа-гейт» бүтө электе «бажы-гейт» башталды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 30-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Рыскелди Момбеков «Бажа-гейт» маселеси бүтө электе «бажы-гейт» башталганын, өкмөт жасай албай жаткан ишти «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакунов жасап койгонун билдирди.

—Ал иш этегине жете электе “Бажыгейт” деген балекет башталып кетти. Аткаруу бийлиги алты айдан бери аткара албай жаткан ишти “Азаттыктын” баласы алты саатта иликтеп-жиликтеп койду. Элдин баары “Али эле Али, Алинин ишине бали!” деп жатат,- деди Момбеков.

Кечээ «Азаттыктын» кабарчысы Али Токтакунов «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө жарыялады. Анда Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын бир туугандарынын коррупциялык иштеринин бетин ачкан.

Өкмөттүк структуралар буга чейин Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерилип жаткандыгын айтып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты