Жээнбеков: «Биргелешкен көзөмөл жыйынтыктары жалпы коомго ачык болушу керек»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 29-майда, Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кеңири курамдагы мааракелик жыйынында Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков акыркы мезгилде бажы төлөмдөрүн жаап-жашыруу боюнча Кыргызстандын дарегине сын-пикирлер көбөйүп жатканын баса белгилеп, Биримдиктин тышкы чек арасында бажы көзөмөлүнүн ачык жана калыс өткөрүлүшүнө кызыкдар экенин билдирди.

«ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн жана Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнөн турган кызыкдар тараптардын катышуусу менен „үч жолку“ бажы көзөмөлүн өткөрүүнү сунуштайм.

Биргелешкен көзөмөлдүн чыгарган жыйынтыктары жана чечимдери жалпы коомго ачык болушу керек. Мындай процедура бир өлкөнүн экинчи өлкөгө болгон дооматын жокко чыгармак»,- деп айтты мамлекет башчы.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты