Кыргыз өкмөтү Сирия жана Иракта калган кыз-келиндерди жана балдарды дагы эле кайтара элек [CABAR.asia]

Аялдар жана жаш балдар биринчи орунда, бирок аларды реабилитациялоо маселеси азырынча карала элек.

Авторлор: Эркина Асанбаева жана Салабат Эркетаева

Кыргызстандын жараны Рамаз Сариев 6 жылдан бери кыздарынын Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактан кайтып келишин күтүп жүрѳт. Кыздары 16 жана 17 жаш курагында Египетке окууга кетишкен. Ал эми бир айдан кийин Сирияга барып калышкан.

– Азыр кыздарым 22 жана 23 жашка толуп, эки баласы бар. Алар Египетке окууга кетишкен. Сирияга кандайча барып калганын биз билбейбиз. Аялым кыздарымды алып келем деп кетип, ал дагы Сирияга барып калды.

Кайсы жерде жүргѳнүн билген соӊ, байланышууга мүмкүндүк алдым. Биз видеобайланыш менен кабарлашып жатканбыз. Кийин согуштук лагерге түшүп калышты. Сирияга барганда, паспортторун алып коюшуптур. Ѳлкѳбүздүн бийлиги мындай абалга кабылган жарандары үчүн жаӊы документтерди жасап, аларды согуштан кайтарып берсе, бизге чоӊ жардам кылат эле.

Учурда ѳкмѳттѳ кыргызстандыктардын Сирия жана Ирактын лагерлеринен кайтып келүүлѳрүн камсыздоо багытында маселени карап чыга турган комиссия түзүлгѳн. Ѳлкѳнүн вице-премьер-министри Алтынай Ѳмүрбекованынайтымына караганда,комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын ѳкүлдѳрү кирип, ошол эле учурда чиновниктер эл аралык уюмдар тарабынан кеӊеш берүү багытында колдоо кѳрсѳтүлѳт деген ишенимде.

«Бул маселе вице-премьер-министр Жеӊиш Разаковдун жетекчилиги астында ѳкмѳттүн күн тартибинде каралып жатат. Сирия жана Ирактынлагерлеринде кимдер бар экендиги, алардын саны тууралуу так жана туура маалымат бар. Тууган-туушкандары менен байланыштар түзүлүүдѳ. Азырынча бул Жакынкы Чыгыш ѳлкѳлѳрүндѳ жүргѳн аялдар жана балдарга гана тийиштүү», – деп билдирди Ѳмүрбекова CABAR.asia порталына берген маегинде.

Ошентсе да, ѳкмѳт Сирия менен Ирактын лагерлеринде жүргѳн кыргызстандыктардын так санын азырынча айта элек. Улуттук коопсуздук комитетинин үстүбүздѳгү жылдын апрель айына карата берген маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгышка 850 кишиге жакын жаран кеткен. Такталбаган маалыматтар боюнча, Сирия менен Ирактын лагерлеринде 30га жакын кыргызстандык аял жана үч эсе кѳп бала бар. Мамлекеттик органдар аталган мамлекеттердеги кыргызстандык жарандар тууралуу башка маалыматтарды берген жери жок.

Коӊшу мамлекеттер – Казакстан менен Тажикстан – ѳз жарандарын мекенине кайтарып алуу маселесин чечүүгѳ активдүү киришти. Ал эми бул процесске карата даярдыктарды болжол менен тѳрт жыл мурда башташкан. Тилекке каршы, Кыргызстан мындай ийгиликтери менен мактана албайт.

Акыйкатчы Токон Мамытовдун айтуусуна караганда, Кыргызстан жеке жарандарын кайтарып алуу багытында тийиштүүчараларды былтыркы жылдан бери кѳрѳ баштады:

«Тилекке каршы, бизге келип түшкѳн маалыматтар боюнча, аялдардын кѳпчүлүгү кѳтѳрүлүшчүлѳр армиясынын лагерлеринде, дагы бир бѳлүгү болсо – батыш коалициясы менен күрт топторунун лагерлеринде. Мындай жагдай мамлекеттин ишин абдан эле оорлоштурууда. Аялдар менен балдар Сириянын ѳкмѳттүк күчтѳрүнүн кѳзѳмѳлүндѳгү качкындар лагерлеринде болгондо, аларды алып чыгуу кыйла жеӊилирээк болмок».

Алгач балдар

Кыргызстандыктардын согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардан кайтып келүүсү жѳнүндѳ кеп болгондо, чиновниктер да, эксперттер да биринчи кезекте аялдар менен жаш балдарды ойлошот. Борбордук Азиянын башка мамлекеттери деле ушундай эле саясатка таянышат.

Май айынын баштарында Казакстан 231 жаранын Сириядан бошотуп алды. Алардын ичинен 156сын мектепке чейинки курактагы жаш балдар түздү. Аталганаракет «Жусан» операциясынын бир бѳлүгү болуп саналат. Операциянын алкагында январь айында 30 бала, 11 аял жана 6 эркек киши болуп, жалпы жонунан 47 жаран мекенине кайтып келишкен.

CABAR.asia порталынын кѳз карандысыз изилдѳѳчүсү жана аналитиги Нурбек Бекмурзаев белгилегендей, Казакстан Сирия менен Ирактын согуштук аракеттер жүрүп жаткан жерлеринен кайтып келген жарандарын кайра интеграциялоо жаатында эӊ ѳнүккѳн мамлекетболуп эсептелет. Казакстан – «кайтып келгендер» үчүн бир нече реабилитациялык борборду уюштуруп берген Борбордук Азиядагы жалгыз мамлекет.

«Мындай борборлордун уюштурулушу Казакстандын бийлигине бир эле балдарды эмес, чоӊ кишилерди да кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдѳ. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, аталган борборлор түзүлгѳн учурда дагы, Казакстандын бийлиги буга ѳтѳ сактык менен мамиле кылып, азырынча жашы жеткен аз гана сандагы жаранынын мекенине кайтып келүүсүн камсыздады. Менин оюмча, ишке ашуусу ѳтѳ кыйын болгон массалык кайтарып алуудан мурда, бул системаны апробациялап кѳрүүнү туура тапса керек», – дейт Бекмурзаев.

Апрель айынын аягында Тажикстан 84 баланы Ирактын түрмѳлѳрүнѳн бошотуп алган. Ал эми чоӊ кишилерге карата мамлекет кайтып келип, кылган иштери үчүн ѳкүнѳ турган жарандары үчүн мунапыс багытын тандап алды.

«Башкача айтканда, түрмѳ жана жазадан кутулуп, мекенине кайтып келүүсү боюнча дискурс бар эле. Бирок, Тажикстандын бийлиги чоӊдор үчүн реабилитациялык борборлор тууралуу ойлонгон жок. Чоӊ кишилерге кандай чара кѳрүлүп, алардын кийинки тагдыры белгисиз болгондуктан, массалык түрдѳ кайтарбай турууну туура кѳрдү. Ал эми балдар менен оӊоюраак болот. Аларды туугандарына беришет же болбосо балдар үйүнѳ тапшырышат. Бардыгы туура жана жѳнѳкѳй», – деп белгилейт аналитик.

Ал эми Кыргызстан ѳз жарандарын Ирак менен Сириядан кайтарып алуу маселеси боюнча, катуу дисциплиналык жолду тандап алды, дейтБекмурзаев. Ѳлкѳнүн репатрианттар менен иштѳѳ тажрыйбасы бар. Бирок, бул кайтарыпкелүү боюнча толук кандуу операция эмес, согуш аракеттери жүрүп жаткан жерлерден мекенине кайтып келген жарандарды «колго түшүрүү» иш-аракети болуп саналат.

2015-жылы милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстанга кайтып келген44 жаран кармалган. Алардын сегизин согуштук даярдыктарга, теракттарды уюштурууга же болбосо исламдык экстремисттик идеяларды жайылтууга катышкандыгы үчүн соттошкон. Бекмурзаевдин айтуусу боюнча, мамлекеттик бийлик Сирия жана Иракка барган жарандарды куугунтуктоо саясатын жүргүзүүдѳ.

Ѳз мекенинде түрмѳ

Кыргызстандын жараныГүлмира Нурдаеванын тууганы Сирияга 2014-жылы кетип, бүгүнкү күнгѳ чейин ал жѳнүндѳ эч кандай маалымат жок эле. Үй-бүлѳсү Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан качкындар үчүн «Аль-Хол» деп аталган лагерге түшүп калган соӊ гана аны менен байланыша алган.

«Ал кылгандары үчүн абдан ѳкүнѳт жана жардам сурап жатат. Лагердеги жашоосу ѳтѳ эле оор. Биз жакындарыбыздын мекенибизге кайтарышындажардам берүүсү үчүн бардык тийиштүү жерлерге кайрылып жатабыз. Ооба, алар чындыгында эле туура эмес ишке барышты, кылгандары үчүн ѳкүнүп, мыйзам чегинде жооп берүүгѳ даяр. Бирок, башка жерде эмес, ѳз мекенинде», – дейт Нурдаева.

Чоӊ кишилердин, эркектердин да, аялдардын да кайтып келүүсүнѳ Кыргызстандагы мамиле бир жактуу эмес. Парламенттин эл ѳкүлү жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчѳсү Ирина Карамушкина мындай жарандарды согуштук аракеттер жүрүп жаткан жерлерден мекенине кайтарып келүүнүн кажети жок деп эсептейт. Анын айтымында, аталган жарандардын ичинде атайын согуштук даярдыктан ѳткѳн,чындап коркунуч жарата турган кишилер болушу мүмкүн.

«Жарандардын кайтып келүүсү боюнча тѳмѳнкүлѳрдү айткым келет: бизде терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор үчүн атайын түрмѳ салынган. Бул болсо ири ѳлчѳмдѳгү финансылык чыгымдар. Реабилитациялык борборлорду, же болбосо адистештирилген башка мекемелерди куруу үчүн бюджетте каражат жок, бул чындык», – дейт Карамушкина.

Бекмурзаев белгилегендей, азыр мекенине кайтып келген кыргызстандыктарды ѳзгѳчѳ катуу режимдеги колония күтүп турат. Ал тургай реабилитациялоо системасы болгон учурда дагы, мындай борборлордун кѳздѳлгѳн натыйжага алып бара тургандыгы анык эмес:

«Согуш жүрүп жаткан жерлерден кайтып келген жарандар менен иш алып барууда жакшы натыйжага, ошондой эле терс жыйынтыктарга жол ача турган ыкмалар боюнча жооп берүү үчүн дүйнѳлүк практиканын деӊгээли жетишсиз. Кѳп нерсе жергиликтүү контекстке да байланыштуу болот».

Анын айтуусуна караганда, бул маселе боюнча жарандык коомдо деле эч кандай активдүүлүк байкала элек. Учурда Жакынкы Чыгышка кеткен жарандардын жакындары гана президенттен жардам сурап кайрылууда. Кыргыз Республикасынын президенти аларга кѳмѳк кѳрсѳтүү чечимин кабыл алган күндѳ деле, кээ бир чиновниктер менен калктын бир бѳлүгү мындай пикирге каршы чыгып, процессти ар кандай жолдор менен токтотууга аракет кыла баштайт, дейт Бекмурзаев.

Бул макала алгач CABAR.asia аналитикалык платформанын веб-сайтында жарык көргөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты