​Көл жээгинде поэзия кечеси өттү

Ысык-Көлдүн жээгинде 28-майда акындар Олжобай Шакир, Алтынбек Исмаилов жана Акбар Кубанычбековдун поэзия кечеси өттү.

Кечеге «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун алкагында өтүп жаткан конференция катышуучулары жана “Кыргыз деңиз” санаторийинин эс алуучулары катышты.

Акындар өз чыгармаларын окуп, Акбар Кубанычбеков «Мурас» ырын комуз менен ырдап, элдин маанайын көтөрдү.

Өзгөн районунан Жаркынай Бейшебаева конференциядан билим берүү боюнча жаңы маалымат алганын айтып, поэзия кечесин тууралуу буларга токтолду:

—Ысык-Көлдүн жээгинде, табияттын койнунда, поэзия кечесинде аябай толкунданып отурдук. Алардын ыры жан дүйнөбүздү жибитип, дем берди, -деди.

Кечеге экс-президент, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева катышты.

Эл арасынан да таланттуулар өнөрүн көрсөтүштү. Мелис Шооруков “Өмүр керемет”, Жумагул Досматова “Жанымда жылмайып” ж.б. ырларды ырдашты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты