​Парламент Өкмөттөгү бош кызмат орундарына талапкерлерди карап жатат

Бүгүн, 29-майда, Жогорку Кеӊеш жыйынында Өкмөттөгү бош кызмат орундарына талапкерлер каралууда.

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси — КР министри кызмат ордуна Самат Кылжыевдин;

Экономика министрине- Санжар Муканбетовдун;,

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине- Эркинбек Чодуевдин;

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлиги сунушталды.

Талкуу учурунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кадрлардын басып өткөн жолуна, тажрыйбасына токтолуп, аларды кубаттап берүүну депутаттардан өтүндү.

Депутаттар Айыл чарба министрлигине көрсөтүлгөн Эркинбек Чодуевдин кесиби курулушчу экенин, эми гана Агрардык университеттин 3-курсунун студенти болуп жаткандыгын сындашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чодуев айыл чарба министрлигинде беш жыл орун басар болуп иштеп келгенин, бул жакта тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

Депутат Айнуру Алтыбаева министрлер эртеден-кечке парламентте олтурганын, аларга иштөөгө мүмкүнчүлүк бериш керек экенин айтты

Депутаттар ошондой эле айыл чарба министринин ыйгарым укуктарын карап чыгыш керектиги тууралуу да сунуш айтышты.

Депутат Жанар Акаев эл тарабынан сунушталып жаткан Тилек Токтогазиев сыяктуу талапкерлерди да ишке тартуу сунушун билдиргенде, жаш ишкерди кызматташууга тартуу жагы каралып жаткандыгына премьер-министр токтолду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты