​Экономика министрине Санжар Муканбетовдун талапкерлиги жактырылды

  • 5 лет мурун

Экономика министрлигине Санжар Мукамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде жактырылды.

Мукамбетов буга чейин финансылык рынокту көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.

Санжар Мукамбетов 1972-жылы 12-декабрда туулган. 1994-жылы КТУну, 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, экономика адистигине ээ болгон.

Буга чейин экономика министри Олег Панкратов өз каалоосу менен кызматтан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты