​Тилек Токтогазиев Эркинбек Чодуевди ачык дебатка чакырды

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Абылгазиев айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевди тажрыйбасы жок деп колдобой, Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин парламент комитетинде сунуштады.

Тилек Токтогазиев Эркинбек Чодуевди ачык дебатка чакырды.

—Мен быйыл 29 жашка толом. 10 жылдан ашык бизнесте тажрыйбам бар. 2 миң сом менен ишти баштап, азыр миллиондук долбоорлорду, эл аралык долбоорлорду ишке ашырып жатабыз, -деди Токтогазиев.

Премьер-министр системанын кишисин тандап алганын айтты:

—Тилекке каршы Премьер-министр системанын кишисин колдоду. Ал киши 5 жылдан бери айыл-чарба министрлигинде министрдин орун басары болуп иштеп жүрөт. Кризиске алып келген команда. Булар жоопкерчиликти алыш керек.

Ошон үчүн, мен расмий түрдө Чодуев Эркинбек байкени ачык дебатка КТРКнын эфирине чакырам! Эл өзү тандасын!-деди Тилек Токтогазиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты