​Аида Салянова: “Атамбаев мага көрсөтмө бергидей, мен анын ишенимдүү адамдарынын катарына кирчү эмесмин”

Азиз Батукаевдин иши боюнча боюнча ылдыйкы катардан баштап бир топ аттуу-баштуу адамдар камакка алынып жатат. Коомчулук “Эмки кезек кимде болду экен? Акыры түбү буйрук берген адамга жетеби?” деп кулак түрүп турган чагы.

Анын оорусу боюнча жыйынтык чыгарган катардагы дарыгерлерден тартып, мыйзамсыз чечим чыгарды деп Нарын шаардык сотунун мурунку судьясы Жапар Эрматов, мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдор камакка алынды.

Бул иш боюнча Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги жетекчиси Зарылбек Рысалиев дагы сурак берип жатат.

Мурунку Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева үй камакка чыгарылды. Сагынбаеванын үй камакка чыгарылышын “Ким буйрук бергенин өз көрсөтмөсүндө” берип чыкты деп талдагандар болуп жатат.

Өздүк булактарыбыздын билдиргенине караганда, Башпрокурор Аида Салянова дагы камакка алынышы мүмкүн.

Биз Аида Салянованын өзүнөн маек алуу үчүн кайрылганыбызда ал “Мен улам маек берип чыксам, актангандай болуп жатам” деп маек берүүдөн баш тартты. Башка маалымат каражаттарына берген маектеринде ал прокурорлордун аракетинде эч кандай мыйзам бузуу болбогонун, Батукаев чыгып кеткенин ал кетип калгандан кийин гана укканын айткан.

Биздин “Атамбаев сизге көрсөтмө бергенби?” деген сурообузга “Биринчиден, кимдир бирөөнү түрмөдөн бошотуу прокуратуранын компетенциясына кирбейт. Экинчиден, Атамбаев мага көрсөтмө бергидей, мен анын ишенимдүү адамдарынын катарына кирчү эмесмин” дейт Аида Салянова.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты