​“Бир бол” фракциясы Тилек Токтогазиевди айыл чарба министрине сунуштады

  • 5 лет мурун

Бир бол” парламенттик фракциясы жаш ишкер Тилек Токтогазиевди айыл чарба министрлик кызматына сунуштады.

Бул тууралуу фракция лидери Алтынбек Сулайманов фейсбук баракчасында билдирди.

—Жаш, кесипкөй, билимдүү Тилек деген инибиз демилге көтөрүп, мага мүмкүнчүлүк бергиле, мен айыл чарба тармагында реформа жасайм, Мекениме кызмат кылам деп чыкты.

Үмүтсүздүк каптап турган чакта бул демилге баарыбызды жандандырды. “Бир бол” фракциясы Тилек Токтогазиевди айыл чарба министрлигине Премьер-министрге сунуштайт,- деп билдирди Алтынбек Сулайманов.

Бүгүн Президент Айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин отставкасын кабыл алды.

Айыл чарба министри отставкага кеткенден кийин жаш ишкер Тилек Токтогазиев өзүнүн талапкерлигин министрлик кызматка койгондугун жарыя кылган.

Андан кийин министрлик кызматка камынып, команда топтой баштаганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты