​Жээнбеков филармониянын абалы менен таанышты

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга барды.

Бул тууралуу Президенттик басма сз кызматы кабарлады.

Буга чейин ал Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Айтматов атындагы улуттук орус драма театрына барган.

Филармониянын имаратындагы ремонт тууралуу Президентке маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана филармониянын башкы директору Кыргызбай Осмонов айтып беришти.

Айланасын жакшыртуу боюнча маалыматты Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов берди.

Алар маалымдашкандай, филармониянын имаратындагы ремонт толугу менен бүткөрүлдү, фойе жана сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуучу система, артисттердин грим бөлмөлөрү оңдоп-түзөлдү.

Министр Азамат Жаманкулов белгилегендей, учурда сметалык документация жыйынтыкталып, опера жана балет театры, кыргыз жана орус драма театрларынын ремонтуна тендер жарыяланды.

Жээнбеков белгилегендей, бул жылы Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры, улуттук академиялык драма театры, орус драма театры ремонттолот.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, драма театрларынын имараттары 1970- жана 1972-жылдары пайдалануугага берилгенден бери бир да капиталдык ремонттолгон эмес.

Опера жана балет театры акыркы жолу 1978-жылы ремонттолгон, 2016-2017-жж. жарым-жартылай оңдоп-түзөлдү. Филармония акыркы жылы 2007-жылы ремонттолгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты