Бишкекте социалдык долбоор иштей баштайт

  • 5 лет мурун

1-июндан тартып Бишкек шаарында мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор башталат.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, мамлекет жеке менчик бала бакчалар көрсөткөн кызмат үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50 пайызын өзүнө алууга даяр.

Социалдык кызмат үч жаштан беш жашка чейинки курактагы балдарга каралган.

Ага көп балалуу үй-бүлөлөр (5 жана андан көп бала), аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болгондор, атасы же энеси I же II топтогу майып болгон балдар, ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер болуп, алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон ашпаса катыша алат.

Ал үчүн ата-энелер өтүнүчүн Билим берүү жана илим министрлигине жибериши керек. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында (edu.gov.kg) бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты