​КСДП Сооронбай Жээнбеков Матраимовду калкалап жатат деп айыптады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 25-майда, УКМК 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин камалышы боюнча КСДП билдирүү тараттты.

Анда Президент Сооронбай Жээнбековду эл ичинде “Райым миллион” деген лакап атка конгон Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы башчысы Райымбек Матраимовду калкалап жатат деп айыптады.

Матраимов Бажы кызматын, өлкөдөгү эң таасирдүү ЖМКны колуна алып, экс-президент Алмазбек Атамбаевди ачык коркутуп жаткандыгы тууралуу сөз болду.

Кызматка орношууга укук алган сот чечими менен Матраимов Өкмөттү жеңгени, ал эми “№1 коррупционер” болуп, сот чечими менен мамлекетке да, жарандарга да материадык зыян алып келбеген киши аталганы белгиленет.

“Полковник Дамир Мусакеевдин бир гана “күнөөсү” ал экс-президент Алмазбек Атамбаевди сатып кетпегендиги. Ал пенсияга чыгып, экс-президенттин жансакчысы болуп жүргөн” деп айтылат билдирүүдө.

Кызматтык квартира бөлүштүрүүдө сот Мусакеевдин күнөөсүн далилдеген жок деп эсептейт КСДП.

Билдирүүдө ошондой эле Бишкек Жылуулук электр борбору боюнча сотто да экс-премьер министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев ж.б. саясий куугунтукка алынып жаткандыгы айтылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты