​Кайгуул милициясына киргиңиз келеби? Сынакка жарандык өкүлдөр да катыша алат

  • 5 лет мурун

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 6-майдан 6-июнга чейин Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызматкерлерди алуу боюнча ачык сынак өтүүдө.

Сынакка жарандык өкүлдөр да катыша алат

Ички иштер министрлиги сынакка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен сырткары ички иштер органдарында иш-тажрыйбасы жок жарандык өкүлдөрдөн дагы катышса болорун билдирди.

Сынактын шарттары бардык катышуучулар үчүн бирдей

Биринчи этапта талапкерлер жалпы сабаттуулукка тест өтүшөт. Ал билимди баалоо жана усулдук окутуу борборунда өтөт.

Катышуучулар тиешелүү балл алгандан кийин гана аскердик-врачтык комиссиядан, андан соң дене тарбия даярдык экзаменинен өтүүгө мүнкүнчүлүк алышат.

Ден соолугу боюнча ылайык келбегендер жана керектүү дене-тарбия нормативдерди тапшыра албагандар сынакка катышуудан четтетилет.

Сынактын акыркы этабында тандоо комиссиясынын мүчөлөрү менен маектешүү өтөт.

Сынактык тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлер ИИМ Академиясынын базасында 3 айлык окутуу курстарынан өтүүгө жөнөтүлөт.

Курсанттардын окуусу аяктагандан кийин экзамен тапшыргандар менен Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына кызмат өтөө үчүн келишим түзүлөт.

Кайгуул милициясы болууга кимдер катыша алат?

Милициянын жаңы кайгуул кызмат орду офицердик жана катардагы кызмат болуп бөлүнөт.
Толук кызмат орундарына кызыккандар маалыматты ИИМдин Жол коопсуздугу кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын расмий сайтынан тапса болот.

Арызда кандай кызмат ордуна бара тургандыгын так көрсөтүү зарыл. Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү жана 21 жаштан 35 жашка чейин болушу шарт.

Катардагы кызмат орунга талапкерлигин койгондор 19 жаштан 30 чейинки орто билимдүү болушу керек.
Калган талаптар бардык катышуучуларга бирдей:
-соттолбогону тууралуу маалымкат;
-“В” категориясындгы айдоочулук күбөлүгү барлар;
-Аскердик билет;
-Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аялдар үчүн 165 см кем эмес болуш керек.

Тандоо комиссиясы:

Тандоо комиссиясы сынакты көзөмөлгө алып, жеңүүчүлөрдү аныктайт.

Тандоо комиссиясынын төрагасы Тамерлан Ибраимов.

Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы азыркы Милициянын кайгуул күзөт кызматы менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын ордуна түзүлүүдө.

Кайгуул милициянын милдетине коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кирет.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштөргө аралашпоосун алдын — алуу үчүн катардагы кызматтагылар үчүн 21-25 миң сом, офицердик кызматтагылар үчүн 30-35 миң сом айлык акы каралган.

Андан сырткары зарыл болгон материалдык техникалык шарттар менен камсыздалды: автоунаа, форма, сырткы жабдуу, күйүүчү май ж.б.

Сынакка кантип катышуу керек?

Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу жумуш күндөрү Бишкек шаары Ч. Валиканов көчөсү №1а дарегинде кабыл алат.
+996312630901, +99631263025, +996312631275 факс телефондору менен байланышса болот.
Сынактын шарттары менен жана катышуу үчүн тиешелүү документтер жана кызмат орундарынын тизмеси жөнүндө ИИМдин Жол коопсуздугу кыймылынын коопсуздугун камсыздоо сайтынан таанышууга болот.

Айта кетсек, Кайгуул милициясын түзүү чечими 2018-жылдын 13-ноябрында кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты