​Жумгалда залкарлар иштеген театр ремонттолот

  • 5 лет мурун

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн 24-майда, Жумгал районунун Чаек айылынын Таттыбүбү Турсунбаева атындагы “Сон-Көл” маданият үйүнүн абалы менен таанышты. Калык Акиев атындагы драма театрында ремонт иштерин баштоону тапшырды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Премьер-министр Архитектура, курулуш жана коммуналдык чарабажектечисине кинотеатрдын баштапкы капиталдык ремонтуна жумшала турчу чыгаша сметасын түзүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы ошондой эле Жумгал районундагы Калык Акиев атындагы драмалык театрдан кабар алды.

Жумгалдын акими Адыл Сапаров маалымдагандай, театр 1930-жылы негизделген. Анда кыргыздын залкар өнөрпоздору Мыскал Өмүрканова, Таттыбүбү Турсунбаева, Муратбек Рыскулов, Мырсаалы Турсунбаев, Шарапат Жапарова, Сайра Өмүрканова, Сүйүнбек Бийназаров жана Шарыпкул Эсенгулов ж.б. эмгектенишкен.

Премьер-министр драмалык театрдын капиталдык ремонтунун долбоорун баштоого буйрук берди.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты