​Олег Панкратов отставкага кетти

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 24-апрелде, Экономика министри Олег Панкратов отставкага кетти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Олег Панкратовду кызматтан бошотуу боюнча Президентке сунуш киргизди.

Кийинки кезде Олег Панкратовго да сын арбын айтылып, кызматтан кетээр министрлердин бири катары аты аталып жаткан.

Панкратов Экономика министри болуп 2018-жылдан бери иштеди.

Бүгүн Айыл чарба, кайра иштетүү жана мелиорация министри Нурбек Мурашев да отставкага кетип, Премьер-министр аны бошотуу тууралуу Президентке кайрылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты