Индонезия: Шайлоодон кийинки тополоңдо курман болгондордун саны 8 ге жетти

  • 5 лет мурун

Индонезияда шайлоодон кийинки тополоңдо курман болгондордун саны 8 ге жетти. 700 дөн ашык адам жарадар болду Аны ичинен 79 кишинин абалы оор.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Jakarta Post гезитине шилтеме берүү менен билдирди.

Мурда шайлоодогу тополоңдон кийин 6 киши курман болгондугу айтылган.

Тополоңдон кийин полиция 257 кишини кармады.

Индонезияда президенттик шайлоодо учурдагы президент Джоко Видодо шайлоочулардын 55,5% добушун алган. Ал эми анын атаандашы Прабово Субианто 44,5% добуш алган.

Субиантонун тарапташтары 21 жана 22-майда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, каршылык акциясына чыгышкан. Андан кийин тополоң болуп кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты