Жээнбеков: «Таза суу менен камсыздоо — мамлекеттик саясаттын негизги багыты»

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, “Аймактар үчүн Таза Суу” Форумуна катышты жана сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчы белгилеген төмөнкү маселелерге көңүл бура кетели:

—Бүгүнкү күндө Таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 млрд 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны — кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат.

Мындан тышкары, ЕБРР, ЕС жана Швейцария Өкмөтү тарабынан 2019 — жылдан баштап, шаарлардан тышкары, айыл жерине да инвестиция тартуу жаӊыдан башталганы турат.

Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт.

Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды.

Республикалык бюджеттен да каражат каралууда

—Эгерде 2014 — жылы таза суу меслесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн сом акча каражаты ажыратылган болсо,2018 — жылы таза суу секторуна 250 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Акча каражаттары убагында өздөштүрүлбөй калууда

—Ошондой эле таза суу боюнча акча каражаттары убагында өздөштүрүлбөй келе жаткандыгы сындалды.

Мындан тышкары, көпчүлүк мэриялар донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарын ар кандай шылтоолор менен саясаттын куралына айландырып, өз мөөнөтүндө өздөштүрбөй келишет.

Буга мисал катары Чүй облусунун Кара-Балта жана Токмок шаарларын атаса болот.Аталган шаарларда долбоорлордун башталышы 2012-2015 жылдарга таандык болгондугуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин толук күчүнө кире элек.

Жалал-Абад шаарынын өз алдынча башкаруу органдары мурунку чакырылыштагы шаардык кенештин чечимин негизсиз четке кагышкан.

Донорлор тарабынан бөлүнгөн акча каражатын алаарын же албасын ачыктабай, экинчи этаптагы (2016-2023-ж.ж.) инвестиция тартуу мөөнөтүн 8 айга создуктуруп жиберишкен.

Ал эми, Өзгөн шаарынын мэриясы шалаакылык кылып, 2017 — жылы шаарга тартылып берилген 11 млн евро акча каражатынын бүгүнкү күнгө чейин 1 сомун дагы өздөштүргөн эмес.

2018 — жылдын июнь айындагы мамлекет башчынын иш сапарында Кытайдан 100 млн АКШ доллары өлчөмүндө грант алуу маселеси чечилген.

Акча каражатын тартуу маселеси боюнча Экономика министрлиги тарабынан бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлгөн эмес экенин Президент форумда белгиледи.

Ошондой эле таза сууга болгон тариф саясаты тууралуу да сөз болду..

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты