​Памир кыргыздары көйгөйүн айтты

Бүгүн, 22-майда, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова памирлик кыргыздар менен министрлик кызматкерлерин жолугуштурду.

Жолугушуунун максаты памирлик кыргыздардын бүгүнкү күндѳгү турак жай, жер жана жарандык алуу көйгөйлөрүн министрликтердин ѳкүлдѳрүнѳ айтып жана чечим чыгарууга жетишүү болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин ѳкүлдөрү катышкан жыйында памирлик кыргыздардын маселеси талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмаз Асанбаевдин айтымында, памирлик кыргыздарга ыңгайлуу Алай жери болуп саналат. Ал эми жер алыш үчүн КР жарандыгын алышы шарт.

КР мыйзамына ылайык, жакынкы мамлекеттердин жарандары кош жарандыгы барлар ала албайт.

“Памирлик кыргыздар ѳлкѳгѳ балдарын окутабыз” деген максат менен келишкен ал эми жарандык алуу маселеси жакында гана чыкты дешет министрликтин ѳкүлдѳрү.

Памирлик кыргыздар кайрылман макамына ээ. Ал макамды алгандар мамлекеттен пособие, пенсия алууга, ооруканага кѳрүнүүгѳ жана сүйүнчү пулдарды алууга укуктуу.

Памирлик кыргыздар Кыргызстанга келээрде Афганистан мамлекетине Кыргызстандан балдарыбызды окутуп алып, кайра келебиз деген кагаз таштап келишкен.

Алар жер берүү маселесин козгоп атканын айтып, Афганистан мамлекети менен азыр да сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүш керек экенин айтышты.

Айта кетсек, памирлик кыргыздар Нарын шаарында жашайт. 2017-жылы Кыргызстанга 50 киши келип,18и кайра кеткен.

Кеткенден кийин бир киши кайра келген.

Айгүл Молдоканова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты