​Элчи Сауд Арабия падышасынын чакыруу катын тапшырды

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Сауд Арабия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда элет жерин суу менен камсыздоо, оорукана, мектеп жана бала бакча куруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума 31-майда Мекке шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун саммитине Сауд Арабия падышасы Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды.

Президент Саммитке катышуу ниетин билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты