​“КТ Мобайл” чуусу: Кезектеги кадр бошотуу сунушу

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Президентке Өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.

Анда анын кызматтан кетүү себеби айтылган жок.

Бирок буга чейин «КТ Мобайл» жаңы иштей баштаган компаниядагы чуунун негизинде аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов кызматынан кетүүгө арыз жазган, ага Абылгазиев бүгүн, 21-майда, кол койду.

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, «Ачык Өкмөт» улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды.

Коомчулукта, ЖМКда чуу түшкөн «КТ Мобайл» маселесин парламенттик комиссия териштирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басарлыгы кызматынан кеткен.

Ошондой эле «КТ Мобайлдын» баш директору Нурбек Мукамбетов кызматынан бошогон.

“Ачык Өкмөт” секретариатынын жетекчилигинен Иманкадыр Рысалиев отставкага кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты