​Сузакта таенеси сабады деген эки жашар кыз чарчап калды

  • 5 лет мурун

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда таенеси сабады деген кыз чарчап калганын Балдардын укугун коргоо лигасы билдирди. Аны Жалал-Абад ИИБ тастыктады.

Акыйкатчынын Жалал-Абаддагы өкүлү “Тез жардам” менен Сузактын Жалгыз-Жаңгак айылынан облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө эки жашар кыз 7- майда жеткирилгенин билдирген. Наристенин башы шишип, денеси көк ала болуп турган.

Кыздын таятасы менен өгөй таенеси ал жыгылып кетип, мурдагы дарты козголгонун билдиришкен. Таенеси бир-эки чаап,чымчыганын айткан.

Факт Сузак райондук ИИБинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде денеге жеңил жаракат келтирүү беренеси менен катталган. Экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин ал берене дагы өзгөртүлмөк.

Акыйкатчы өкүлү бул факты боюнча облус прокуратурасына кайрылган.

Кыздын апасы эки кичине кызын өз атасы менен өгөй апасына калтырып, Москвага иштеп кеткен.

Сүрөт: Акыйкатчынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты