​ЖККУ парламенттик ассамблея жыйыны аяктады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 20-майда, Бишкекте Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея (ПА) Кеӊешинин көчмө жыйыны болуп өттү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

ЖККУдагы Кыргызстандын өкүлү Аман Мамбетсеитов, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, ЖККУ ПА Коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссия төрагасы, Россия мамлекеттик Думасынын депутаты Анатолий Выборный жана башкалар баяндама жасашты.

Парламенттик ассамблеянын жооптуу катчысы кылып Сергей Поспеловду бекитишти.

Жыйынга Россия, Казакстан, Тажикстан, Беларусь, Армения, Кыргызстан катышты. Байкоочу катары Сербия менен Ооганстан өкүлдөрү келди.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты