Рысалиевдин ордуна «Ачык өкмөттүн» катчылыгына жаңы талапкер талкууланды

  • 5 лет мурун

«Ачык өкмөт» улуттук форумунун кезектеги жыйынында кызматтан кеткен Иманкадыр Рысалиевдин ордуна катчылыктын жаңы жетекчисин дайындоонун жол-жобосу талкууланды.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму бул кызматка талапкерди «Ачык өкмөт» тандоосу керектигин айткан эле.

Ага ылайык бүгүнкү жыйында ал маселе биринчилерден болуп каралып, форумдун мүчөлөрү «катчылык өкмөттүн алдында болушу керек, жетекчисин премьер-министр дайындасын» деген сунушту киргизишти. Бул маселе боюнча так чечим чыгарууга эки жума убакыт берилди.

Бирок, Юстиция министри Марат Жаманкулов бул шашылыш чечим болгонун, «Ачык өкмөттүн» мындай чечимдерин кабыл алууга укугу жободо каралбаганын айтып, добушун кайтарып алды.

Мындан сырткары, жарым жылда аткарылган жумуштар боюнча катчылыктын өкүлүнүн отчету каралып, тиешелүү тапшырамаларды аткарбай жаткан бөлүмдөргө эскертүүлөр берилди.

Буга чейин келем деп убада берген премьер-министр жыйынга келген жок.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында «Ачык өкмөт» форумунун катчылыгынын жаңы жетекчиси шайланганга чейин Коррупцияга каршы саясат секторунун башчысы Эрмек Нурбеков жана башка кызматкерлер убактылуу иш алып барып жатышат.

Эсиңиздерде болсо, «Ачык өкмөт» форумунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев «КТ Мобайл» чырына байланышуу жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экени белгилүү болгондон кийин өз каалоосу менен арыз жазып кеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты