​ОБСЕ Иманкадыр Рысалиевдин кызматтан кетишин комментарийледи

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Ачык Өкмөт” секретариатынын башчысы Иманкадыр Рысалиевди кызматтан чакырып алуу боюнча элчи Пьер фон Аркска кайрылгандан кийин, ОБСЕ билдирүү таратты.

“ОБСЕ “Ачык Өкмөт” бул мамлекеттик органдардын эл менен байланышында сонун курал экендигин, ал Өкмөттүн натыйжалуулугун жогорулатып, элге кызмат көрсөтүүнүн ачыктыгын шарттаарын, коррупцияга жол бербесин билдирди.

Кыргызстанда “Ачык Өкмөт” ишин улантуу зарылдыгын, анткени анын кубаты күч, мамлекеттик структура жана жарандык коом менен алардын бирдей катыштыгында иштейт” деп билдирди.

Элчи Пьер фон Аркс Премьер-министрдин кайрылууусуна жооп кылып, “Ачык өкмөт” секретариатынын башчысын улуттук форум тандаганын, ага ОБСЕ кийлигишүүгө укугу жок экенин билдирди.

“ПолитКлиника” медиасы жаңы ишин баштаган «КТ Мобайл» компаниясында туугандык мамилеге жол берилип, анда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу чоң айлык менен иштеп жатканын, компанияга Иманкадыр Рысалиевдин катыштыгы болушу мүмкүндүгү тууралуу жазып чыккан.

«Мегаком» компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов «КТ Мобайл» компаниясынын тегерегинде аны Иманкалыр Рысалиев коркутканын, балдарына чейин асылганын депутаттык комиссияда айтып чыккан.

Иманкадыр Рысалиев ага жооп кылып, Акылбек Жамангуловдун айткандары чындыкка туура келбесин билдирген.

Кечээ жакында Иманкадыр Рысалиев “Ачык Өкмөт” долбоорунун секретариат жетекчилиги кызматынан кете турганы боюнча арызын жазган

Буга чейин “Саясий санжыра” рубрикабызда Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы болорун жазып чыкканбыз.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясында иштээрин акыркы кещге чейин укпагандыгын, ал кызматтан кетиши керектигин, мамлекеттик иште туугандык мамилеге жол берилбейт деген принципте экенин билдирген.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты