Жол дептерден: Индияга сапар (Үчүнчү бөлүк)

Буга чейин дагы чет өлкөгө чыкканды өтө жакшы көрөрүмдү жазып келгем. Узак жолго чоң учактарда учуу, чоң-чоң аэропорттордо каттамдарды күтүү, ал жерлердеги “дьюти-фрилердин жана кофелердин жыттары, айтор, мага ушунун баары жагат.

Бул макаланын биринчи бөлүгүн бул жактан, экинчи бөлүгүн бул шилтемеден окуй аласыздар.

Акшардам

Ал күнү түштөн кийин Делинин өзүндө жайгашкан Акшардамга бардык. Бул дүйнөлүк Гиннес китебине кирген индус храмы. Комплекске жакындаганда эле телефон, камера, буюмдарыңды алып калышат экен. Сүрөткө тартууга болбойт.

Көзөмөлдөгөн жерде менин көйнөгүмдү кыска экен деп кирүүгө болбойт дешсе болобу. Анан 100 рупийге (биздин сомго дагы 100 сом болот) индустардын шарфын сатып алып, белиме байлап кирдим. Бул дагы болсо бизнестин бир жолу экен көрсө.

Храм беш жыл бою курулуп, ачылышы 2005-жылы болуптур. Абдан кооз курулган бул курулуш, бийик-бийик колонналары, пилдердин фигуралары менен андан бетер кооз болуп турат. Бут кийимиңди дагы чечип калтырып, жылаңаяк басышың керек.

Кара мрамор, ак мрамор кезектешип коюлган экен, кара мраморуна бутуңду коюуга мүмкүн эмес, өтө ысык, ошондуктан, ак мраморлорго аттап басууга туура келет.

Ичине кирсең кудайларына сыйынып, ырдап термелип отурган индустарды көрөсүң.

Бул имаратты кыдырып чыккандан кийин, ылдый түштүк. Ал жакта суу агат, суу менен кайык келип токтойт. Кайыкка отурганыңда кызыктын баары башталат тура.

Суу менен сүзүп бара бересиң, эки тарабыңда адамдын тирүү элесиндей жасалган фигураларды көрүп Индиянын басып өткөн тарыхынын ар кайсы дооруна саякаттайсың.

Алар кыймылдап, кандайдыр бир кол өнөрчүлүк менен алектенип жатканы, же от жагып жатканы жана башка аракеттери чагылдырылып, үндөр менен коштолуп, кудум ошол доорго барып калгандай элес калтырат.

Балким, телефон киргизбегени деле жакшы болсо керек деп ойлодук. Анткени, мунун баарын сүрөткө, видеого тартам деп атып, жакшы таасир ала албай калышың мүмкүн. Биз болсо абдан катуу таасирленип чыктык.

Сыртта болсо кечинде түстүү фонтандардын оюну көрсөтүлөт экен.

Телефон, камера киргизбегени менен короосунда өздөрү койгон сүрөтчүлөр бар. Аларга Акшардамдын фонунда бир жолу сүрөткө түшүп койдук.

Ал күнү түндөсү көп күттүргөнбагажыбыз келди. Кубанганыбызды айтпагыла…

Кыргызстандыктар барып органын алмаштырган “Аполло” клиникасы

Индиядан келип Кыргызстандын медициналык окуу жайларында окуган студенттер көп.

Адатта “Биздеги билим берүү сапаты начар, алар эмнени үйрөнүп кетмек эле, анан кайра биздикилер ал жакка барып операция жасатканы кандай?” деп наалып калмайыбыз бар.

Индиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлеринин айтымында, Индияда Кыргызстандан окуп баргандар билим сапаты боюнча ТОП-10го киришет экен.

Анан дагы бизде окуп барган бойдон эле аларды операцияга киргизип жиберишпейт, Кыргызстандан негизги базасын эле окуп барышса, ал жактан кайра эки жыл кайсы бир тармакта адистешип окушат тура.

Клиниканын жетекчилеринин бири Минур Ахмаддын айтымында, Кыргызстандан көбүнчө органдарды трансплантация кылуу үчүн кайрылышат.

Башка өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинде операциялар жасалып, бирок акысы аларга караганда алда канча төмөн экен. Мисалы, бардык процедураларын кошкондо бөйрөк алмаштыруу 15 миң $ болот экен.

Ушул медициналык клиниканын врачтары жарым жылда бир, же бир жылда бир Кыргызстанга келип операция жасап кетүүгө даяр экенин билдиришти.

Ошондо операция барып жасаткандан көрө арзаныраак, анан ооруп аткан адам үчүн жеңилирээк болмок.

Бул маселе боюнча аталган клиниканын өкүлдөрү Индиядагы Кыргызстандын мурдагы элчилигине кайрылышкан экен, бирок биздикилер унчукпай коюшуптур.

Координаттарын азыркы элчи Асеин Исаевге берип койдук. Алар эми сүйлөшүүлөрдү баштамай болушту.

Күндөн алынган электр энергиясы

Индиянын ысыктыгын дагы бул өлкө жөн кетирбейт экен. ISA (International Solar Alliance) күндөн электр энергиясын алуунун жолун таап, бул ыкманы дүйнө жүзүнө таратып жатышыптыр.

Күндүн ысыгынан электр энергиясы өндүрүлүп алынып, астына суу агып түшүп, ал жөн эле тердеп чыгып кетпей муз болуп тоңот, муз ээрип атканда дагы энергия бөлүнүп чыккан ыкма экен, айтор.

Бул агенттик дагы Борбор Азиянын ар бир өлкөсүнөн инженерлерди кабыл алып, ошол ишкананын эсебинен бекер окутуп, аягында ошол өлкөлөргө өздөрүнүн күн батареяларын таратууга даяр экендиктерин билдиришти.

Бирок, бул ыкма суудан энергия өндүргөн Кыргызстанга канчалык деңгээлде керектигин энергетиктер айтсын.

Бангалорго сапар

Ал күнү Делиден 3 жарым саат учуп, океанга жакын жайгашкан Банголор шаарына бардык. Барар менен мелүүн соккон жели, салкын абасы менен бизге дароо жакты. Делиден таза дагы экен. Индиянын IT технология, ишкерлик өнүккөн шаары, башкача айтканда, “Кремний өрөөнү” экен.

Индиядан чыккан ишкерлер Google, Pepsi, Master Card сыяктуу дүйнөлүк белгилүү ишканаларда жетекчилер экенин алар сыймыктануу менен айтышат экен.

Медициналык жабдыктардан тарта танк, метродон бери жасаган заводуна барып көргөндөн кийин булардын өнүгүп жатабыз дегени куру сөз эмес экенине ишендик.

Кыргыз ишкерлери үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр

Индияда Кыргызстандын продукцияларына суроо-талап жогору экен. Айрыкча кургатылган мөмө-жемиштерин жакшы көрүп жешет дейт. Бир кыргыз ишкер кыргыз балын сатып атыптыр. Болгону бул өлкөгө товар киргизүүдө логистика кичине кыйыныраак болуп, биздин ишкерлер англис тилин билбеген үчүн көп баш ооруткулары келишпейт тура.

Индиянын кайсы товарлары жакшы?

Ал жакка баргандар териден жасалган буюмдарды, зер буюмдарын алып келсе болот экен. Баасы биздегиден арзаныраак, анан сапаттуу жасалган.

Бирок бизге базар аралаганга убакыт беришпегени ичибизди ачыштырды. Бир соода борборуна токтотуп жарым саат убакытта чыккыла деп койду.

Кыргызстандан баратканда бир барак буюртма алгам элден J. Эми кайсы бирин, кантип алып жетишем?

Уулум жашыл түс менен “ооруйт”. Ага жашыл түстөгү футболка менен шым издеп убактым кетти. Аягында уюштуруучулардын бири менен Кыргызстандан барган Түмөнбай дүкөнгө мени издеп келишиптир, баары автобуска чогулуп, мен гана калган экенмин J.

Ошондо дагы керектүү нерселерибизди алып жетишкен жокпуз. Кечинде жолго чыгышыбыз керек. Индияга келип алып Индия чайын албай кетебизби деп кыжалат болдук. Анан баягы эле элчиликтен жардам сурап кайрылдык.

Алар болсо бизге Банголор шаарынан бир индусту таап беришти. Ал бизди тобубуздан бөлүп алып кетип, учактын убактысына чейин ала турган нерселерибизди алып алууга жардам берди.

Сапарыбыз карыды

Чуркаган бойдон мейманканабызга келип, жүктөрүбүздү салыштырып, кечки тамакты чала-бучук ичип алып аэропортко жөнөдүк.

Бир жума бат эле өтүп кеткендей болду. Дели менен Банголор күн ысык, бирок кооз бак-дарактар менен курчалган, жол кыймылы сол жагынан жүргөн, светофорлор азыраак, айдоочулар бири-бирине түшүнүксүз эле сигнал баса берген, бирок жол кырсыгы жок, жол четтеринде уйлар дагы жүрө берген (Анткени, алар уйларды ыйык деп эсептешет) шаарлар катары калды менин эсимде.

Эли болсо жылмайып учурашкан, жөнөкөй, меймандос болот экен. Индия кинолорунан башын чайкап сүйлөгөндөрүн көрсөңүз керек, жашоодо деле мына ушундай сүйлөшөт. Башын чайкаганы жок дегениби деп башында түшүнүксүз болуп жаткан, тескерсинче, чын жүрөгүнөн макул болуп атканда башын чайкашат экен.

Ошентип биз Банголор – Дели, Дели-Москва деп учуп кеттик.

Бир ок менен эки коен атып…

Москвага келгенден кийин кайра Бишкекке учууга 6 саат убактыбыз бар болчу. Кесиптештерибиз менен сүйлөшүп алып, Москва шаарын дагы көрө кетмей болдук.

Шаарга чыгабыз деп Шереметьево аэропортунун кызматкерлеринин кыргыздарга жасаган мамилеси менен дагы азын-оолак тааныша кеттик.

“Эмнеге чыгасыңар шаарга? Сейилдешет имиш! Дагы канчооңор ушундайсыңар?” деген мыскыл сөздөрүн уктук. Бир кесиптешибизди себебин айтпай туруп, кезектин артына жылдырып жиберишти. Баарын өткөрүп бүткөндө гана аягында өткөрүп… Байкуш, биздин мигранттарыбыз ушундай мамилени дайыма башынан өткөрөт тура деп ойлоп калдык.

Сыртка чыгып такси чакырсак кыргыз таксист келди. Гүлжигит Сатыбековдун кыргызча ырлары жаңырган машинеси менен, өзү гид болуп, Москванын борборуна алып барды. Биз Кызыл Аянтта нары-бери басып, сүрөткө түшүп, тамактанып алып, кайра кайттык. Кыргыз таксист бизди кайра аэропортко таштап койду.

Ошентип, бир ок менен эки коенду атып, Москваны дагы көрө келдик. Бишкекке учуп келерибиз менен “Эми багажыбыз келди бекен?” деген ой пайда болду. Ооба, бул жолу өзүбүз менен эле кошо келиптир…

Аягы.

Дилбар Алимова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты